Депутат "2017-жылы парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 9 пайызга жогорулатып жатканда кыйкырбайт белеңер" деп эл өкүлдөрүнө кайрылды

Депутат Өмүрбек Бакиров "2017-жылы парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 9 пайызга жогорулатып жатканда кыйкырбайт белеңер" деп эл өкүлдөрүнө кайрылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Босоголук чекти 7 пайызга төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорунун демилгечилеринин биримин. Коомчулук каалаган үчүн ушул мыйзам долбоорун алып чыгып жатабыз. Бул жерде популист болуп кыйкырбагыла. 2017-жылы 9 пайыздык босоголук чекти кабыл алынып жатканда, 5 пайыз деп кыйкырбайт белеңер. Бардык мыйзамдар, регламент сакталган. Жумурткадан кыр издебеш керек", - деди ал.

Жыйында депутат Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев мыйзам долбоорун кароодо регламент бузулуп жатканын айтып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан