Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында парламентке өтүү үчүн 9 пайыздык босоголук чекти 7 пайызга төмөндөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралууда.
Анда депутат Кенжебек Бокоев азыркы парламентте кош стандарттуулук болуп жатканын айтты. "Бул жерде босоголук чекти 5, 7 пайызга төмөндөтүү жөнүндө сөз эмес. Кеп регламенттин бузулганында болуп жатат. Парламент парламент болбой калды. Каалабаган мыйзам долбоорлорун киргизбей жатасыңар", - деди депутат.
Анда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бул мыйзам долбоору боюнча эч кандай регламент бузулбаганын билдирди. "Бардыгы өзүнүн жолу менен кетти. Бири-бирибиздин дарегибизге сөз келтирбей этияттап сүйлөйлү. Парламент жакпаса сиздерди эч ким кармаган жок", - деди Жумабеков.
Депутат Исхак Масалиев төраганы абайлап сүйлөөгө чакырды.