Жогорку Кеңешке өтүү үчүн босого чегин бул парламент өзгөртпөш керек эле. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди.
"9 пайыздык босого чегин 6-чакырылыштын депутаттары кабыл алган. Эми болсо босоголук чекти 7 пайызга төмөндөтүү сунушталып жатат. Босоголук чекти бул парламент өзгөтпөш керек эле. Мындай талаш-тартыш боло турган болсо, мурдагы позицияны сактап калуу зарыл. Ар бир саясатчы өзүнө ыңгайлуу кылып сүйлөп жатат. Мисалы босоголук чек 1 пайыз болсо, парламентаризм өнүкпөйт. Ойлогон оюбуз менен жасап жаткан ишибиз окшошсун", - деди Зулпукаров.