Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Дастанбек Жумабеков менен депутат Кенжебек Бокоев кайым айтышты.
Бокоев парламентте кош стандарттуулук болуп жатат деп айтканда, Жумабеков "парламент жакпаса, эч кимди кармаган жокпуз" деп жооп берген.
Депутат Бокоев төраганы ылдый түшүүгө чакырды. "Сизди же комитеттин төрагасына кызматтан кет деген сөз айткан жок элем. Өзүңүздөрдү кызматтан кетирүүчү элестетип албасаңыздар. Эл каалаганда парламенттен кетирет. Эл шайласа баарыбыз келебиз. Сиз алдыгы жерде жөн эле алып баруучусуз. Ылдый түшүп, ордуңарга келсеңер. Мага парламент жакпаса кетип кал деп үйрөтпөгүлө, өзүңөрдүн деңгээлиңерди карап алгыла", - деди Бокоев.
Спикер: "Бул сөздү сиздин дарегиңизге айткан жокмун. Мени ылдый түш дегенден этияттап сүйлөңүз. Жеке менин дарегиме сөз айткан болот экен да, мен айтып калсам болбой калабы? Мен жерде эле басып жүрөм", - деди.