Жанар Акаев спикерди депутаттардан кечирим суроого чакырды

Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Дастанбек Жумабеков менен депутат Кенжебек Бокоев кайым айтышты.

Бокоев парламентте кош стандарттуулук болуп жатат деп айтканда, Жумабеков "парламент жакпаса эч кимди карамаган жокпуз" деп жооп берген.

Буга бир канча депутаттар нааразы болушту.

Депутат Жанар Акаев спикерди эл өкүлдөрүнөн кечирим суроого чакырды. "Сиз сөзүңүз үчүн атын атабасаңыз дагы кечирим сурап коюшуңуз керек. "Эч ким кармаган жок" деген сөздүн маанисин лингвисттерге да текшертсеңиз болот. Бул жерде каалабасаң кетип кал деген сөздү айттыңыз. Мен сиз бир депутатка болушканыңызды угуп, көргөн эмесмин. Качан болсо да өкмөттүн жактоочусу болуп алдыңыз. Өкмөт өкүлдөрү бизди какса да унчукпайсыз. Катасы толтура жазган бүтүндөй парламентти уят кылган кишилерди аппараттын башчысы кылып койдуңуз", - деди Жанар Акаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан