Депутат спикерге: "Сапар Исаков өкмөт башчы болуп келгенде, менин сөзүмдү бөлүп, ага бергенсиз. Кечээ болсо Абылгазиевди жактап жатасыз"

Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Дастанбек Жумабеков менен депутат Кенжебек Бокоев кайым айтышты.

Бокоев парламентте кош стандарттуулук болуп жатат деп айтканда, Жумабеков "парламент жакпаса эч кимди кармаган жокпуз" деп жооп берген.

Буга бир канча депутаттар нааразы болушту.

Депутат Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин төрагасы мурунку спикерлерден үлгү алууга жана өкмөттүн жактоочусу болбоого чакырды. "Бул парламент сизге чейин бир нече төрага менен кызматташкан. Сиз мурунку спикерлерден үлгү алышыңыз керек. Сапар Исаков өкмөт башчы болуп келгенде, менин сөзүмдү бөлүп, ага бере салгансыз. Кечээ болсо Абылгазиевди жактап атасыз", - дейт Иманалиев.

Анда Жумабеков спикер катары өзүнүн укуктарын жакшы биле турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан