Жогорку Кеңеште парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 9 пайыздан 7 пайызга төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору жактырылды

Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңеште парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 9 пайыздан 7 пайызга төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. "Макул" деп 101, "каршы" деп 6 депутат добуш берди.

Демилгечи депутат Талант Мамытов бул мыйзам долбоору босоголук чекти төмөндөтүүгө багытталганын билдирди. "Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып жатканда бир топ депутаттар регламент бузулуп жатканын айтышкан. Мындан чоң талкуу жаралган.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Азизбек Турсунбаев, Кубанычбек Нурматов, Алтынбек Сулайманов, Пархат Тулендыбаев, Самат Гүлнара-Клара, Марлен Маматалиев, Ильхом Маннанов, Нурбек Сыдыгалиев, Эрмамат Тагаев, Рада Туманбаева, Улугбек Ормонов, Калдарбек Баймуратов, Умбеталы Кыдыралиев, Бактыбек Турусбеков, Мирлан Бакиров, Абдыбек Дюшалиев, Зиядин Жамалдинов, Айсулуу Мамашова жана Каныбек Иманалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан