Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка унаа жолунда тоо кыркаларынан аска таштар түштү

Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка унаа жолунун тоо кыркаларынан аска таштар түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аска таштар 14-май күнү болжол менен саат 16:27 чамасында түшкөн. Кыйроолор жана жабыркагандар жок. Жол каттамы бир тарапка ачык болгон.

Саат 16:40та Терек-Сай айыл аймагынын карамагындагы жол каттамына түшкөн таштар тазаланган. Учурда жол каттамы толук ачык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан