Футболчу Дмитрий Тарасов Ольга Бузова менен ажырашуусунун себебин ачыктады

Орусиялык футболчу Дмитрий Тарасов ырчы, телеалпаруучу Ольга Бузова менен ажырашуусунун себебин ачыктады. Ал "Алёна, блин!" аттуу шоу программасына конок болуп, ага карата ала жипти аттаган деген кептердин аягына чекит коёюн деп, Бузова менен жашоосу тууралуу айтып берген.

Футболчунун билдиришинче, ал балдарды аябай жакшы көрүп, толук кандуу үй-бүлө болууну каалаган.

"Ольгага бир күнү балдарга кандай карайсың?" десем, "Бала жакшы, бирок менин бир шартым бар, мен үйлөнүү тойдун болуусун каалайм. Балдар тойдон кийин гана болот" деген.

Ага чейин мурунку жубайым менен ажырашып, оор учурду кечиргениме карабай, үйлөнүү тоюн өткөрүүгө макул болдум. Бирок биз 5 жыл жашасак да балалуу болгон жокпуз. Ага ЭКУ жасаталы деп сурансам, алгач макул болуп, кийин оюнан кайтып кетти. Аял балалуу болгусу келсе, аракет кылат да. Ал мени балалуу боло албайт экенсиң деп күнөөлөп жүрдү. Акыры текшерилип көрөлү деп чечтик. Дарыгерлер менде эч кандай маселе жок экендигин айтышты. Ольгада кичине маселе бар экен, аны деле гормон жана кичинекей операция менен чечсе болот дешти. Бирок кийинчерээк мен Ольганын балалуу болгусу келбей турганын түшүндүм. Бул акыркы чекит болду", - деген Тарасов.

Учурда футболчу үйлөнүп, эки кыздын атасы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KalenAlmaz
2020-05-15 09:21:14
Баланын кадырын каарыганда билесин.Качаан метронун алдында семичке сатып калганда!!!
+17
Arstan18.18
2020-05-15 12:08:02
KalenAlmaz, Тарасов озун аппак корсотконго биринчи турмушунан эмнеге ажырашкан кызын таштап? + сотко экинчи жолу кайрылган алименттин суммасын азайтып бергиле же жокко чыгаргыла деп
+1
portugalia
2020-05-15 09:27:59
Олякан омур бою жаш бойдон калам деп журсо керек.
+12
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан