Тони Фергюсон Хабиб Нурмагомедовдун ооруп жаткан атасына колдоо сөздөрүн айтып, аны менен беттешүү ниетин билдирди

Америкалык UFC мушкери Тони Фергюсон UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы ооруп жаткандыгына байланыштуу колдоо сөздөрүн айтып, аны менен беттешүү ниетин билдирген. Бул тууралуу Фергюсон өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып калтырды.

"Сени сыйлайм, бирок сен мага дагы 20 отжимание карызсың. Сенин атаң өзүн жакшы сезип жатканы мени кубантат. Чемпион, чыныгы финалга даярдык көр!" - деп билдирген Фергюсон.

Эске салсак, Нурмагомедов менен Фергюсондун ортосундагы беттеш беш жолу уюштурулуп, ар кандай себептер менен өткөрүлгөн эмес. 10-майда өткөн UFC 249 турниринде Тони Фергюсон Хабиб Нурмагомедовдун ордуна келген Жастин Гейтжиге техникалык нокаут менен жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
taalay25
2020-05-17 11:09:14
Сен уже буттун
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан