Футбол сүйүүчүлөрү үчүн кубанычтуу кабар. Пандемиядан улам белгисиз мөөнөткө токтоп калган Бундеслиганын оюндары кайрадан башталды. Бул тууралуу спорт басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, оюндар көрүүчүлөрсүз өтөт. Бирок түз эфир аркылуу чагылдырылат.
Тыныгуудан кийин алгач "Боруссия Дортмунд" жана "Шальке" клубдары кез келди. Анда 1996-жылдан бери алгачкы жолу "Боруссия" "Шалькени" 4:0 эсебинде жеңип алды.
Көрүүчүлөрдүн баамында "Шальке" дагы деле карантинден чыга электей.