Кийинки аптада Жогорку Кеңеште Баткен, Жалал-Абадда жүргөн сел ташкындарынын кесепеттерин жоюу боюнча токтом долбоору каралат

20-майда Жогорку Кеңеште Баткен жана Жалал-Абад облустарында жүргөн сел ташкындарынын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө токтом долбоору каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, токтом долбоорун Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети алып чыгат. Жыйындын күн тартиби боюнча 20-майда 5 маселе талкууланат. “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору, “Электрондук башкаруу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору жана башка маселелер каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан