“Кышкы соната” корей сериалы аркылуу таанылган актриса Чой Жи У 44 жашында биринчи жолу эне бактысына ээ болду

Кечээ, 16-майда корейлердин белгилүү актрисасы Чой Жи У 44 жашында биринчи жолу эне бактысына ээ болду. Кыздуу болгон актрисанын да, ымыркайдын да ден соолугу жакшы. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ЖМКлары жазып чыгышты.

Чой Жи У күйөрмандарына бөлүшкөн маалыматында коронавирус илдетине туш келип калган анын кош бойлуулугу оңой өтпөгөнүн билдирген.

Актриса 2018-жылы турмушка чыккан. Жолдошу атактуу адам эмес, IT компаниялардын биринин кызматкери болуп иштейт. Актриса жеке жашоосун эл көзүнөн, эл сөзүнөн сак сактап турат.

Маалымат үчүн: Чой Жи У 11-июнда 45 жашка чыгат. Биринчи жолу 1995-жылы “Согуш жана сүйүү” сериалына тартылган. Бирок баш айланткан атактуулукту ага 2002-жылы чыккан “Кышкы соната” алып келген. Анда ал Кан Жун Сандын сүйүктүүсү Ю Жинди ойногону эсиңизде чыгар. Ушул дорамадан кийин көп жылдар бою корей жылдыздарынын арасында эң көп гонорар алган атактуу болуп турган. Ошондой эле “Бейишке карай тепкич”, “Аэропорт”, “Азгырык”, “Кайрадан жыйырма жаштагыдай” сериалдары көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынган. Акыркы ирет "Махабаттын авариялык конуусу" сериалында эпизоддук ролду аткарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Agayu
2020-05-17 20:59:18
Эх ты биздин сүйүктүү актрисабызго , балалык бактылуу күндөрүбүздүн каармандары.
+15
Tyty1990
2020-05-17 21:14:35
Каарып калганы билинип баштаптыр
-5
nurhan2702
2020-05-18 16:20:30
Tyty1990,ооба да ,мындан 20-25жыл мурунку суйуктуу кинонун каарманы. Бул актрисанын Кыш сонатадагы ролу мага аябай жаккан. Оор басырыктуу, буулугуп ыйласа кошо ыйлачумун. Эх ошондогу жаштык кез!
+1
rola
2020-05-17 21:16:38
Кеч болсо да эне статусуна ээ болуптур.Эн жакшы коргон сериалдарымдын бири болчу.
+13
Nuri1988Elim2010
2020-05-17 22:52:33
Kaira kaira korsomda tajabaim
+9
HypcylTAH
2020-05-18 00:41:01
Сүйөм го чиркин))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан