Интернет желелерине орустардын сериалдарынын биринин үзүндүсү тарап, талкууга алынууда. Ал Орусиянын НТВ каналы аркылуу көрсөтүлгөн "Динозавр" сериалынан алынган. Видео кыргыз сегментинин социалдык тармактарында популярдуу болууда.
Эпизоддук ролдо башкы каармандын ролун Андрей Смирнов ойногон жана ал дүкөндө сатуучу кыргыз аял менен кыргызча сүйлөшөт.
Эпизод учурунда Андрей Смирновдун каарманы өзүнүн досуна бир топ убакыттан бери Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жашагандыгын айтып берип, жанындагы досунан мектепте кайсы тилди үйрөнгөнүн сурайт.
Видеодогу диалогдон:
- Сен мектепте кайсы тилди үйрөнгөнсүң?
- Немис тилин.
- Азыр кереги тийип жатабы?
- Жок азырынча...
- А кыргызча билбесең азыр Москвада кантесиң?
Интернет колдонуучулар бул эпизодду эки элдин достугу катары жагымдуу кабыл алышууда.