Атактуу баскетболчу Майкл Жордандын кроссовкасы рекорддук суммага сатылды

Атактуу америкалык баскетболчу Майкл Жордандын оюнга кийген кроссовкасы аукциондо рекорддук суммага сатылды. Бул тууралуу америкалык "Bloomberg" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аукцион 8-майда башталып, 17-майда аяктаган. Аукциондун уюштуруучулары Жордандын кроссовкасын 150 миң долларга сатууну көздөшкөн. Бирок баскетболчунун бут кийими 560 миң долларга сатылган. Бул кроссовканы баскетболчу 1985-жылы "Чикаго Буллз" командасында ойноп жүргөндө кийчү.

2017-жылы Майкл Жордандын 1984-жылы Лос-Анжелес шаарында өткөн жайкы олимпиада оюндарында оюнга кийген майкасы аукциондо 274 миң долларга сатылып, рекорд койгон.

Майкл Жордан баскетбол тарыхындагы эң мыкты оюнчулардын бири болуп эсептелет. Ал АКШ курамасы менен 2 жолу олимпиада жеңүүчүсү болгон жана алты жолу Улуттук баскетбол ассоциациясынын (NBA) жеңүүчүсү аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aiba.8327
2020-05-18 11:28:08
Менин былтыркы кроссовкам канча сом болот болду экен бир эки жолу эле кийгем ....
0
talaa11
2020-05-18 13:40:59
aiba.8327,менин улака кийген керзовой отугумо алмашасынбы?
+2
Zake007
2020-05-19 04:51:32
talaa11,балким отугундун чыты кучтуу болсо кымбатга алат
0
serik95
2020-05-18 13:22:45
Айба сенда коюп корда ошондо билип аласын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан