Бишкектеги Чолпонбай Түлөбердиев сейил багында кечинде асманга карай ок атылган. Анда эс алуучулар патрулдук милициянын эскертүүсүнө каршылык көрсөтүшкөн

Бишкектеги жаңы ачылган Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил багында нөөмөттө турган патрулдук милициянын инспектору асманга карай ок чыгарды. Ал санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбай, каршылык кылып, өзүн агрессивдүү көрсөткөн адамдардын тобуна эскертүү иретинде ок чыгарган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя тууралуу билдирүү Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 17-майда саат 21:30 чамасында түшкөн. Анда Чолпонбай Түлөбердиев атындагы эс алуу багында белгисиз адамдар милиция кызматкерине кол салууга аракет кылып жаткандыгы кабарланган.

"Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, алдын ала маалымат чогултушкан. Ага ылайык, аталган сейил бакта нөөмөттө турган патрулдук милициянын инспектору К.Б. карантиндик шарттардын талабын аткарбай, коомдук жайда тобу менен жыйналып отурган адамдарды көргөн. Кызматкер топтолгон жарандарга санитардык эрежелерди сактоого чакырып, коомдук жайдан тарап кетүүсүн айтып, эскертүү берген. Бирок жарандар кызматкерге агрессивдүүлүгүн көрсөтүшүп, аны менен кайым айтышып, милициянын ок атуучу куралын алууга аракет кылышкан. Бул учурда патрулдук милициянын кызматкери мыйзамда көрсөтүлгөн беренеге ылайык, эскертүү иретинде асманга карай ок чыгарган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене "бейбаштык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Учурда окуяга тиешеси бар делинген жарандарды аныктоо, издөө жана табуу иштери жүргүзүлүп жатат", - дешти мекеменин басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан