Депутат Улан Примов ЕАЭБдин курамына кирердин алдында айтылган пункттар аткарылбай жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитеттин жыйынында билдирди.
"ЕАЭБге кирип жатканда айтылган пункттар аягына чыккан жок. Дыйкандар, ишкерлер ал жакка өздөрүнүн товарларын кенен алып бара албай жатышат. Мигранттардын акча которуусуна чектөөлөр болууда. Ушуга окшогон дагы бир топ мисалдар бар. Биримдиктен канчалык деңгээлде пайда таптык же зыян тартып жатабызбы? Эмне үчүн келишимдер аткарылбай жатат? Өкмөт талапты катуу коё албай жатабы? Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондундагы каражатты оор учурда колдоно албасак, анан качан колдонобуз? Бул маселе депутаттардын арасында эле эмес, ишкерлердин арасында дагы болуп жатат. ЕАЭБдин жыйыны болгондо ар бир позицияны жеткирүү зарыл", - дейт депутат.