"Орусия тарап Кыргыз өлкөсүнө "Русгидрого" болгон карызды суверендүү карызга которууну сунуштады" дейт вице-премьер

Орусия тарап Кыргыз өлкөсүнө "Русгидрого" болгон карызды суверендүү карызга которууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында Эркин Асрандиев билдирди.

"8-майда Орусиянын вице-премьер-министри менен сүйлөшүүлөр болгон. Бүгүнкү күндө Орусия тарап "Русгидрого" болгон карызды суверендүү карызга которуу, андан кийин бул маселени кароону сунуштады. Биз бул сунушту карайлы деп жооп бергенбиз. 8-майда Финансы министрлигине, Энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине Орусия тараптан түшкөн сунушту карап чыгуу тапшырмасы берилген", - дейт Асрандиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан