Башкы прокурор: "Декларация толтурууда 2 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер тартиптик жазага тартылды"

Декларация толтурууда 2 миң 225 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер тартиптик жазага тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

"Коомчулук арасында кызыгуу жараткан "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелери жана чыгашалары боюнча декларациялар жөнүндө" мыйзамдын аткарылышы боюнча прокурорлор тарабынан 1 миң 332 чара көрүү актылары киргизилди. 2 миң 225 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга тартиптик жаза колдонулду", - дейт Жамшитов.

Ошону менен катар эле башкы прокурор ишкерлерден келип түшкөн арыз, даттануулар боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө 502 мыйзам бузуу аныкталганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан