Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков ЖЭБ, музей боюнча кылмыш ишинде канча материалдык зыян болгонун сурады.
"Президент коррупцияга каршы күрөшүү боюнча талаптарды кайра-кайра айтып жатат. Бишкек ЖЭБ, Тарых музейи боюнча тергөө иши бүтүп, иш сотко кетти. Келтирилген материалдык зыян канча, анын канчасы кайтарылды?" - деп сурады депутат.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: "ЖЭБ боюнча кылмыш ишинде тергөөнүн жыйынтыгы материалдык зыяндын суммасы 5 миллиард 439 миллион 727 миң 482 сомду түзөт. Тергөө убагында экс-депутат Осмонбек Артыкбаев тарабынан 100 миллион сом акчалай төлөндү. Музей боюнча зыян өндүрүлгөн жок. Соттолуучулардын мүлктөрү камакка алынган", - дейт.