ӨКМнын кызматкерлери бетон менен темир түтүкчөнүн ортосуна буту кыпчылып калган 4 жашар баланы куткарышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-май күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы Калинин айылында жайгашкан турак үйдө 2016-жылы туулган баланын буту бетон менен темир түтүкчөнүн ортосуна кыпчылып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Ал жерге Жайыл райондук №22 өрт-куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар тобу тартылып, баланын бутун чыгарып беришкен.