Белгисиз балдардын токмогуна кабылган кикбоксчу Алексей Федосеев сотко кайрылбайт

Кикбоксчу Алексей Федосеев 30-август түнү өзүн сабап кеткен балдарды сотко бербей турганын анын машыктыруучусу Александр Воинов билдирди. Маалым болгондой, спортчуга кол салган 10 чакты баланын ичинен Алексейге тааныш болуп чыккандары да бар эле. “Алексей өзүн сабаган балдардын үстүнөн арыз жазбай, аларды кечирүүнү туура көрдү. Ал болгону дарыланууга кетчү каражатты төлөп берүүнү талап кылууда. Ал өзүн сабаган балдардын үй-бүлөсүнө жаны ачып, арыз жазуудан баш тартты. Өзү 1-2 ай ичинде кайрадан машыгууларга кайтып келерин айтып жатат”,-деп билдирген Воинов.  

 

Эске салсак, карьерасында “Дүйнө чемпиону” деген наамга чейин жеткен кикбоксчу Алексей Федосеев 30-августта борбордогу ресторандардын биринде чыккан түшүнбөстүктөрдөн улам ур-токмокко алынган. Маалыматтарга караганда, арачы болуп урушту токтотууга аракет кылган. Ага карабай балдар аны тепкиге алышып, эсин жоготкон абалында таштап кетишкен. Эсине келип, “Тез жардам” кызматына кайрылган спортчу учурда Улуттук госпиталдын бет-жаак сөөк бөлүмүндө дарыланууда. Дарыгердин билдиришинче, анын ылдыйкы жаагы 2 жеринен сынып кеткен.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
mayoral
2013-09-04 15:14:58
Аябай боорукер бала экен. Семьясы барбы?
0
Beka_89_kg
2013-09-04 19:18:59
Адам кечиримдуу болуш керек азаматсын Назирага окшоп болбогон нерсе учун Россиядан бери маскара болдук
0
omurbek9393
2013-09-04 20:39:02
Арыз жазбаганы менен кийинчерээк озу бирден терип чыгатго ал балдарды.
0
Supataev.Salamat
2013-09-04 20:49:12
Эркекче разборка кылайын дегенго
0
jooshbala
2013-09-05 04:14:21
Ошондой кылыш керек жа өзү...
0
koshuna
2013-09-05 09:20:02
эркекче
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан