Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков жоголуп кеткен кылмыш иштери тууралуу маалыматтарды тактоо боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканын сурады.
"Мурдагы жылы Башкы прокуратуранын отчётуна ылайык, Жогорку Кеңеш жоголуп кеткен кылмыш иштери тууралуу маалыматтарды тактоо тапшырмасын берген. Бул боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатат?", - дейт Субанбеков.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул боюнча УКМК менен биргеликте тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатканын айтты. "Жаңы кодекстерге ылайык, жоголгон кылмыш иштери сот тарабынан кайра калыбына келтирилиши керек. Бүгүнкү күндө толук калыбына келтириле элек", - деди Жамшитов.