Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин комитети "Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү" долбоору боюнча кошумча макулдашууну колдоду.
Бул Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуу болуп саналат. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев макулдашуу мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады.
Депутат Акылбек Жапаров долбоорду ишке ашыруу мезгил аралыгында кыргыз тарап канча акча каражатын жумшаганын сурады. Ал макулдашуу 2017-жылдын январында эле ратификацияланганын эске салды.
Айтмамат Кадырбаев 1 миллион 400 миң доллар бөлүнүп, бирок жумшалбаганын белгиледи. "Буга жүйөлүү себептер бар болчу. Сунушталып жаткан кошумча макулдашуу аркылуу Евразия өнүктүрүү банкы 1 миллион 300 миң доллар бөлөт", - деди ал.
Депутат Марлен Маматалиев макулдашууну ишке ашыруу жараяндарын кечиктиргендерди жазага тартуу зарылчылыгын кошумчалады.