Бүгүн, 18-майда Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, ал видеого тартылып калган. Видео телеграм каналдарынын бири аркылуу тарады. Видеодо жеңил унаа жол четиндеги тосмону, ал менен кошо жол чырактын мамысын сүзүп токтогон. Дароо анын терезесинен жүргүнчүлөр шашылыш чыгышкан. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы да жетип келген.
Анда жазылгандай, кырсык шаардын Абдырахманов-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Азырынча Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы маалыматты расмий тастыктай элек.