UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону, америкалык мушкер Дэниел Корьме Хабиб Нурмагомедовдун атасы ооруп жаткандыгына байланыштуу, анын үй-бүлөсүн колдоого алды. Бул тууралуу америкалык мушкер ESPN басылмасына билдирген.
"Бул чемпион жана анын үй-бүлөсү үчүн оор мезгил. Жашоо бизди эмнеге мажбурларын эч качан билбейбиз. Азыр Нурмагомедовдордун үй-бүлөсү өтө оор абалга туш болуп жатат. Хабибдин атасы дүйнөдөгү эң күчтүү адамдардын бири деп айта алам.
Бир жолу машыгуу залында аны менен күрөшө кеттим. Ошондо Хабиб "Эми ал сени жеңет" деди. Ал чындыгында, мени менен жөн гана ойноону чечкен. Чемпиондун үй-бүлөсү ушул оор мезгилди баштан өткөрөт деп ишенем. Бардыгы жакшы болот", - деген Корьме.
Буга чейин Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедовдон коронавирус инфекциясы аныкталып, оор абалда кома абалында жатканы кабарланган.