
Белгилүү орусиялык ырчы
Полина Гагарина күйөөсү, сүрөтчү
Дмитрий Исхаков менен ажырашканы белгилүү болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жубайлар 6 жыл чогуу жашашкан. Акыркы 3 айдан бери эки башка жашап жаткандары белгилүү болгон.
Бирок алар расмий түрдө ажыраша элек. Түгөйлөр бул маалыматты тактаган да, төгүндөгөн да эмес.
Гагарина жана Исхаков 2013-жылы таанышкан, бир жыл өтпөй баш кошушкан. Үч жылдан кийин алар Мия аттуу кыздуу болушкан.
Гагаринаны биринчи никеси актёр Пётр Кисловдон Андрей аттуу уулу да бар.