Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 5 пайызга төмөндөтүү мыйзам долбоору каралып жатат.
Мыйзам долбоору боюнча баяндаманы депутат Исхак Масалиев жасап жатат.
Депутат Алтынбек Сулайманов парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 5 пайызга төмөндөтүү мыйзам долбоору колдоо таппай турганын айтты.
"Босоголук чекти, 9 пайызды төмөндөтөлү деп талаш болуп келе жатат. Бирок ушул босого чегин баарыбыз чогуу кабыл алганбыз. Ошол менен келип жатканбыз. 7 пайызга төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда өттү. 5 пайыздык босого чеги өтсө андан да жакшы болот эле. Бул мыйзам долбоору өтпөй турганын өзүңүз деле билип турасыз", - деди Сулайманов Масалиевге кайрылды.
Масалиев: "Сиздин сөзүңүз ачуу болсо да, чындык бар. Бирок сиздин 4 кесиптешиңиз сунуштаган бул мыйзам декабрь айынан бери каралбай келген. Менин оюмча, жалпы жыйында депутаттар кабыл алсын", - дейт.