Жогорку Кеңештин комитетинде парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 5 пайызга төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору четке кагылды

Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 5 пайызга төмөндөтүү мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин депутаттары бул мыйзам долбоорун четке какты. 2 депутат "макул", 12 эл өкүлү "каршы" деп добуш берди. Өткөн аптада Жогорку Кеңеште 9 пайыздык босого чегин 7 пайызга төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору колдоо тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан