Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Башкы прокуратуранын отчёту каралууда. Депутат Мыктыбек Абдылдаев экс-президент Алмазбек Атамбаевге кылмыш ишин ким козгогонун сурады.
"Статистикага экс-президентке кылмыш иши козголгон деп жазыптырсыз. Кылмыш ишин кимиңиздер козгодуңуздар эле? Сизби же башка прокурор кызматкери?", - деп депутат башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон сурады.
Башкы прокурор: "Экс-президенттин макамы алынгандан кийин ага Башкы прокуратура тарабынан Жазык-процесстик кодекстин талабына ылайык, кабарлама берүү каралган эмес. Ошондуктан жөнөкөй эле башкармалыктын прокурор кызматкери тарабынан кабарлама берилген", - деди.
Абдылдаев: "Экс-президент жөнүндө өзүнчө мыйзам бар. Бул ошого туура келеби? Балким сунуш кылып, башкы прокурор кылмыш ишин козгойт деп өзгөртүү керекпи? Алты жыл мамлекетти башкарса, жакшыбы же жаманбы саясатын жүргүзсө, анан катардагы кызматкер кылмыш ишин козгоп койгон туурабы деген ойду айтып жатам. Ойлонуп көрүшүбүз керек экен", - дейт.