Депутат Таабалды Тиллаев шайлоонун шайтан иши башталып, популисттик кайрылуулар болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Шайлоо келе жатат. Шайлоонун шайтан иши башталып, популисттик кайрылуулар болуп жатат. Мамлекетти, президентти баарыбызды күнөөлөгөндөр болууда. Мыйзамдын аткарылышы боюнча чоң жумуш жүргүзсөңүздөр. Жергиликтүү бийликтен баштап, ар бир министрлик, орган өздөрүнө жараша жоопкерчиликтерди алыш керек. Айрымдар мамлекет жаман, бул жак жаман деп кыйкырып жатышса, бирөөсү дагы жооп берген жок. Ошон үчүн бул жакта мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча өкмөткө так тапшырманы өзүңүз көзөмөлгө алсаңыз. Азыркыдай оор кырдаалда, экономикабыз мындай абалда турганда тийиштүү адамдар өз жоопкерчилигин алыш керек. Ошол боюнча жумуш жүргүзүү зарыл. Бүгүнкү күндө өкмөт маалымат жагынан утулуп жатат", - деп депутат башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылды.
Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Башкы прокуратуранын отчёту каралууда.