Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинде Башкы прокуратуранын отчёту колдоо тапты

Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде Башкы прокуратуранын отчёту каралды. Баяндаманы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жасады.

Депутаттар тарабынан ар кандай сунуштар айтылды. Жыйынтыгында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин депутаттары Башкы прокуратуранын отчётун колдошту.

Жамшитов депутаттарга ыраазычылык билдирди. "Көрсөтүлгөн кемчиликтерди мыйзам чегинде жойгонго аракет кылабыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан