Бүгүн, 19-майда парламенттин комитетинде Жогорку Кеңешке саясий партиялардын өтүшү үчүн шайлоо босого чегин 9 пайыздан 5 пайызга төмөндөтүү мыйзам долбоору каралып, четке кагылды.
Буга чейин 20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында партиялардын парламентке өтүү босого чегин 9 пайыз кылууга саясий күчтөр даяр эместигин айткан. 5 жана 3 пайызды айткандар да болуп жатканын билдирип, алар "жаштарга мүмкүнчүлүк берели" деген менен өз камылгасын көрүп жатышканын белгилеген. Ал эми 7 пайыз бул басып өткөн, сыноодон өткөн жол экенин билдирген.
Өткөн аптада Жогорку Кеңеште босого чегин 7 пайызга төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырылган.
SUPER.KG порталы "Парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 5 пайызга түшүрүү комитеттен колдоо тапкан жок. Депутаттар элдин өкүлү болуу миссиясын туура аткарып жатышабы?" деген собол салды.
Жарандык активист Адил Турдукулов парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 5 пайыз эмес, андан да төмөндөтүш керек болчу деген оюн айтты.
"Кыргыз мамлекетинде эки революция тең парламентаризм күчтүү болсун деген максатта болгон. Бирок бул ишке ашпай жатканы өкүнүчтүү. Жогорку Кеңешке барган инсандар өз миссиясын так түшүнбөй жатат деген ойдомун. Парламент көзөмөлдөөчү, мыйзам чыгаруу функцияларын тең ата аткара албай жатат. Ал жакка алар өздөрүнүн бизнесин калкалоо үчүн, абройлорун көтөрүү үчүн барып жаткандай сезилет. Көбүнесе Жогорку Кеңеш президенттик аппаратка көз каранды болуп жатат. Бул азыркы учурда болгон жок, мурда деле ушундай болуп келген. Кандай гана тапшырма болбосун ошону так аткарып жаткандай көрүнөт. Жогорку Кеңешке элдин өкүлдөрү келиш үчүн босоголук чекти 5 пайыз эмес, андан да төмөндөтүү керек болчу. Босого чегин 5 пайызга түшүрбөй жаткандары кайрадан эле эмки шайлана турган партиялар маңызы жагынан өзгөрбөйт дегенди түшүндүрөт", - дейт Турдукулов.