Бүгүн, 19-майда парламенттин комитетинде Жогорку Кеңешке саясий партиялардын өтүшү үчүн шайлоо босого чегин 9 пайыздан 5 пайызга төмөндөтүү мыйзам долбоору каралып, четке кагылды.
Буга чейин 20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында партиялардын парламентке өтүү босого чегин 9 пайыз кылууга саясий күчтөр даяр эместигин айткан. 5 жана 3 пайызды айткандар да болуп жатканын билдирип, алар "жаштарга мүмкүнчүлүк берели" деген менен өз камылгасын көрүп жатышканын белгилеген. Ал эми 7 пайыз бул басып өткөн, сыноодон өткөн жол экенин билдирген.
Өткөн аптада Жогорку Кеңеште босого чегин 7 пайызга төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырылган.
SUPER.KG порталы "Парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 5 пайызга түшүрүү комитеттен колдоо тапкан жок. Депутаттар элдин өкүлү болуу миссиясын туура аткарып жатышабы?" деген собол салды.
Депутат Айсулуу Мамашова 7 пайыздык босого чегин колдой турганын айтты.
"Эл өкүлү болуу бул өзгөчө татаал маселе. Ар кандай мыйзамдарды иштеп чыгып жатканда, ар кандай сунуштар болот. Босого чек боюнча көп талкуулар болду. 7 пайыздык босого чегине көптөр макул болушту. 7 пайыздык босого чегин мен дагы колдойм. Элдин өкүлү болуш үчүн көп добуш алыш керек. Добуштун саны элдин ишенимин көрсөтөт", - деди Мамашова.