Бүгүн, 19-майда парламенттин комитетинде Жогорку Кеңешке саясий партиялардын өтүшү үчүн шайлоо босого чегин 9 пайыздан 5 пайызга төмөндөтүү мыйзам долбоору каралып, четке кагылды.
Буга чейин 20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында партиялардын парламентке өтүү босого чегин 9 пайыз кылууга саясий күчтөр даяр эместигин айткан. 5 жана 3 пайызды айткандар да болуп жатканын билдирип, алар "жаштарга мүмкүнчүлүк берели" деген менен өз камылгасын көрүп жатышканын белгилеген. Ал эми 7 пайыз бул басып өткөн, сыноодон өткөн жол экенин билдирген.
Өткөн аптада Жогорку Кеңеште босого чегин 7 пайызга төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырылган.
SUPER.KG порталы "Парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 5 пайызга түшүрүү комитеттен колдоо тапкан жок. Депутаттар элдин өкүлү болуу миссиясын туура аткарып жатышабы?" деген собол салды.
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова депутаттар элдин өкүлү болуу миссиясын туура эмес аткарып жатканы бүгүн эле билинген жок деген пикирин билдирди.
"Босого чекти 5 пайызга төмөндөтүү мыйзам долбоорун кароодо мыйзам бузуулар болду. Депутат Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Жанар Акаев, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко мыйзам долбоорун былтыркы жылдын октябрь айында демилгелешкен. Андан кийин комитетте, төраганын кабинетинде каралбай жатыптыр. Башка депутаттар февраль айында 7 пайыздык босого чеги боюнча мыйзам долбоорун киргизишти. Ошондо 4 айдан кийин түшкөн мыйзам долбоорун мурунку мыйзамдан эрте карап жатышат. 5 пайыздык босого чеги боюнча мыйзам долбоорунун демилгечилери чатак чыгарганда гана алардын долбоорун карап жатышат. Бүгүн комитетте депутаттар 7 пайызды колдободук беле деп, 5 пайызга каршы добуш берип коюшту. Бирок четке кагылган мыйзам долбооруна күрөөнү азайтуу боюнча да маселе бар болчу. Бул мыйзам долбоорун атайын карашпай койду. Демилгечилер дагы талашпай коюшту. Ошон үчүн долбоор өтпөй калды. Элдин талабы азыркы мезгилде эл кыйналып турганда жаңы адамдар, жаштар келсин деген болчу", - дейт Сооронкулова.