Кечээ, 19-майдагы парламент комитет жыйынында транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов өлкөдөгү жолдорду куруу долбоорлору тууралуу депутаттардан келген 9 протоколдук тапшырма боюнча маалымат берди.
Депутат Төрөбай Зулпукаров унаа жолдорунун курулуштарынын наркын аныктоодо долбоорлоо институттары кайсы логикага таянганына кызыкты.
“Жогорку Кеңештин депутаттарына мыйзам чыгаруу иш-милдети менен катар көзөмөлдөө ыйгарым укугу да берилген. Бирок комитеттин чечимине карабай силер маселени алып салууну сурап жатасыңар. Мындай кылууга такыр болбойт. Мисалы, 45 чакырымды түзгөн Бишкек–Кара-Балта унаа жолунун 1 чакырымына 1 миллион 560 миң доллар жумшалууда. Жолдун курулушу бир жылга кечеңдеп, муну менен катар долбоордун жалпы суммасы дагы 7 миллион долларга кымбаттары айтылууда”, - деди депутат. Ал комитет долбоорду башынан аягына чейин көзөмөлдөшү керектигин кошумчалады.
“67 чакырымды түзгөн Маданият–Жалал-Абад жолунун курулушу 72 миллион долларды түзөт. Тагыраагы, жолдун 1 чакырымы 1 миллион 74 миң сомго жетүүдө. Дагы бир мисал транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 500 миң доллар өлчөмүндө пара алып жатып кармалган. Ал эми Жусубалиев тендердик комиссиянын төрагасы болгон Эпкин-Дыйкан жол тилкесинин курулушу боюнча долбоордун наркы 40 миллион 750 миң долларды түзүп, 1 чакырымы 582 миң доллар болууда. Эми ойлонуп көргүлө, 1 чакырым жолдун наркы 582 миң доллар болуп жатса, алынган паранын көлөмү 500 миң доллар”, - деди.
Депутат тендерлерди өткөрүүдөгү коррупциялык көрүнүштөр арбын экенине көңүл бурууга чакырды.