Бишкекте патрулдук милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 20-майга караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында болгон. Анда Деу Нексия менен Рено Логан унаасы сүзүшкөн.
"1993-жылы туулган М.М. аттуу айдоочу Деу Нексия үлгүсүндөгү унаасы менен Гагарин көчөсү менен батышты көздөй бара жаткан. Садырбаев көчөсүнүн кесилишинен түштүктү көздөй бара жатып, 1996-жылы туулган жарандын башкаруусундагы Рено Логан үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан. Анда патрулдук милициянын унаасын Деу Нексия жол чырактын кызыл түсүнө карабай катуу ылдамдык менен келип сүзүп, унаа жол кырсыгына учураган.
Жол кырсыгынын натыйжасында, Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана жанындагы жүргүнчүсү, Рено Логан автоунаасынын айдоочусу жана жанындагы 1987-жылы туулган И.М. аттуу кызматкер Бишкек шаарындагы №4 ооруканага жаткырылган. Текшерүү учурунда Деу Нексия үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу мас абалында болгондугу аныкталган. Азыркы учурда эки унаа тең айып короосуна токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.