Кечээ,19-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видео-конференция форматындагы кезектеги жыйыны өттү.
Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев ЕАЭБдин стратегиялык өнүктүрүү долбоорун кабыл алган жок. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Жыйынга Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышты.
Анда "Евразиялык интеграцияны 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары" долбоору негизги маселелердин бири болгон. Касым-Жомарт Токаев стратегияны кабыл алуу идеясын колдоп, анын айрым жоболору кошумча изилдөөнү талап кыла турганын айткан. Ал иш жүзүндө товарлардын тоскоолдуксуз жана чектөөлөрсүз кыймылын камсыз кылуу зарыл деп эсептей турганын билдирди. Тараптар макулдашкан тармактарда кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү керектигин белгиледи.