Бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору жарандарга турак жайларды менчиктештирүүдө мыйзамдуу укуктарын камсыз кылуу максатында реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү жүзөгө ашыруу үчүн иштелип чыккан.
Депутат Мирлан Бакиров кызматтык турак жайларды менчиктештирүүгө каршы чыгып, мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу керектигин айтты. Ал эми депутат Дастан Бекешев кызматтык үйлөрдү берүү тартиби тууралуу маселени көтөрдү. “Спортчуларга, маданият кызматкерлерине батирлер белекке берилген. Бирок кийин алар кызматтык батирлерди гана алганы такталды. Мындай болбошу керек”, – деди ал.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.