Ошто 65 жаштагы киши 5 жашар кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 17-май күнү Ош шаарындагы унаа жуучу жайда болгон. Анда милиция кызматкерлерине 29 жаштагы аял арыз менен кайрылган.
"Арызда 2015-жылы туулган кызына 65 жаштагы жаран сексуалдык ыдык көрсөткөнүн айтып арызданган. Ал эми бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кызга карата соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Ал эми шектелип жаткан жаран суракка алынып, экспертизанын жыйынтыгы чыккычакты коё берилди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.