Жалал-Абад ШИИБи оор жаракаттан улам каза болгон жарандын өлүмүнө шектелген жаранга издөө салат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 8-марттан 9-мартка караган түнү саат 02:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы эс алуучу жайлардын биринин алдында болгон. Анда Сузак районунун 1991-жылы туулган И.С. аттуу тургуну кара түстөгү Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунааны башкарган, кебетеси азиялык болгон 20-25 жаштагы жаран экөө сөз талаша кеткен. Ал И.С.ны уруп, денесине залал келтирген. Натыйжада И.С. денесинен алган жараатынан улам Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"Ошол эле күнү И.С. эсин жоготкон абалда жаткандыктан, жогоруда козголгон берене "ден соолукка оор зыян келтирүү" беренеси менен өзгөртүлүп, кайрадан квалификацияланган. Ал эми 10-март күнү ооруканада жаткан И.С. эсине келбей жатып каза болгон. Кылмыш ишинин бетин ачуу максатында Жалал-Абад ШИИБинин криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүүнүн аты-жөнү аныкталган. Ал Жалал-Абад шаарынын 1998-жылы туулган тургуну Абдурайимов Шухратбек Бахадрович болгон. Ал спорттун кикбоксинг, М-1 түрлөрү боюнча рингге чыгып жүргөндүгү такталган. Бирок аталган окуяга шектелген Абдурайимов Шухратбек Бахадрович жүргөн жерин жашырып, качып жүргөндүктөн, 3-апрель күнү кармалган жеринен камакка алуу өтүнүчү Жалал-Абад шаардык соту тарабынан канааттандырылган. Аталган факты боюнча кылмышка шектүү Абдурайимов Шухратбек Бахадровичтин жүргөн жерин билгендер болсо же кандайдыр бир маалымат болуп калса төмөнкү дарекке билдирип коюуңуздарды суранабыз. Анонимдүүлүккѳ кепилдик берилет", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Байланыш телефону: 03722 102; 0555 102-305; 0777 59-59-59.