Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Дүйнө чемпиондугуна карата даярдыкты Ысык-Көл жергесинде өткөрөт. Бул тууралуу курама команданын башкы машыктыруучусу Адылкан Бекболотов билдирди. Даярдыктар Тамга айылында 21-сентябрга чейин улантылып, 18 спортчу машыгат. “Бул даярдыктар Казакстанда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна карата жасалып жатат”,-деди Бекболотов. Дүйнө чемпиондугу Казакстандын Алматы шаарында 11-27-октябрь күндөрү өтөт.