Депутат мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду кайтарып келүү боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурады

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду кайтарып келүү боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурады.

"Данияр Үсөнов аты-жөнүн алмаштырганы маалымат каражаттарында жазылган. Ал кишини кайтарып келүү боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатат?", - деп сурады депутат.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: "2017-2018-жылдары Беларусь өлкөсүнө кайрылуулар болгон. Өзүм дагы ошол өлкөгө барганда, бул маселе боюнча 3 жолу сүйлөшкөнбүз. Саясий негиздер менен соттолгон деп бизге кайтаруудан баш тартышты. Бүгүнкү күндө да Беларустун Башкы прокуратурасынан сурап келебиз", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан