Жогорку Кеңеште экс-депутат Каныбек Осмоналиевди үй камагына чыгаруу боюнча маселе көтөрүлдү

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов экс-депутат Каныбек Осмоналиевди үй камагына чыгаруу боюнча маселени көтөрдү.

"2-мартта Садыр Жапаровду колдоо митинги өткөн. Ошол жерде модератор болгон Каныбек Осмоналиевге кылмыш иши козголуп, камакта жатат. Аны үй камагына чыгарып койсо болбойбу? Ал модератор эле болгон, эч кандай коркунуч келтирген эмес", - деди Жамалдинов.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов анын бөгөт чарасын өзгөрткөнгө негиз жок экенин айтты. "Кылмыш иши боюнча бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал жерде ал жалгыз эмес, 5-6 адам жоопко тартылган. Бөгөт коюу чарасы камакта. Тергөө органы бүгүнкү күндө иштин жагдайларын карап, жыйынтыкка келип жатат. Анын бөгөт чарасын өзгөрткөнгө негиз жок", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан