Депутат Карамушкина депутаттарды башкы прокурорго ишеним көрсөтпөөгө чакырды

Депутат Ирина Карамушкина мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана аны колдогон КСДПнын мүчөлөрүнө карата "саясий буйрутма" болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Мындан улам ал башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отставкага кетиши керектигин айтты. Карамушкина депутаттарды башкы прокурорго ишеним көрсөтпөөгө чакырды.

Башкы прокурор мамлекеттик айыптоочу тарап мыйзам чегинде алардын күнөөлөрүн далилдөөгө толук даяр экенин айтты.

"Сиз өзгөчө оор кылмыш иши боюнча шектүү адамсыз. Сиздин сурооңузга жооп берейинби же жокпу деп жатам. Сотто ишиңиз каралып жатат. Мыйзамга ылайык, шектенүү тууралуу кабарлоону мен сизге бергенмин. Ошондуктан сиз тараптан айтылган сынды туура кабыл алам. Бул жерде эч кандай саясий буйрутма жок. Жөнөкөй кылмышты, ар кандай кылмышты ар кандай боёк берип айтканыңар туура эмес. Мыйзамды угуп, убагында келип койсо ушунун баары болмок эмес. Мыйзамды сыйлабагандын айынан "Альфанын" кызматкери каза болуп, канча адамды ыйлатып отурат. Мамлекеттик айыптоочу тарап мыйзам чегинде күнөөңөрдү далилдөөгө толук даярбыз. Мыйзам чегинде сот тарабынан сунуш кабыл алынат", - деди Жамшитов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан