"Кресло үчүн өлбөйм", "Карьерадан ар-намыс бийик турат". Нааразычылык билдирип, депутаттык мандатын тапшырган эл өкүлдөрү

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев мандатын тапшыра турганын жарыялады. Ал коомчулукта өкмөттүн, парламенттин, спикердин ишин сындагандар көп болуп жатканын айтты. Ошону менен катар эле ал парламентте, өкмөттө бардык депутаттарга бирдей мамиле болбой жатканын кошумчалаган. Мындан улам SUPER.KG порталы нааразычылык билдирип, мандатын тапшырган депутаттарды тизмектеди.

Маркум Эркин Алымбеков 2014-жылы депутаттык мандатын тапшырган. Ал Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын "Ата Мекен" фракциясынан депутат болгон. Алымбеков парламенттин жыйынында "Кумтөр" боюнча өкмөт сунуштап жаткан меморандум кыргыз элинин кызыкчылыгына жооп бербейт. Бул меморандум Жогорку Кеңештен колдоо таап кетсе, мен депутаттыктан кетем" деп айткан. Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин "Кумтөр" боюнча чечимине нааразы болуп депутаттык мандаттан өз эрки менен баш тарткан. Ал өз каалоосу менен мандатын тапшырган саясатчы катары коомчулуктун эсинде калган.

Конституциянын өзгөртүлүшүнө каршы болгон Чолпон Жакупова дагы өз эрки менен мандатын тапшырган. Ал Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын "Бир Бол" фракциясынан депутат болгон. Жакупова: "Эгерде Конституция өзгөртүлсө, айткан сөзүмө турам. Эч ойлонбостон мандатымды тапшырам", - деп айткан. 2016-жылдын соңунда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп, шайлоочулардын көбү "макул" деп добуш берген.

"Саясаттын чыныгы жүзүн биле алдым" деп мандатын тапшырган Лунара Мамытова дагы Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын "Бир Бол" фракциясынан депутат болгон. Ал 2016-жылы өз каалоосу менен мандатын тапшырган. "Мен үчүн адам бойдон калуу - башкы максат. Кресло үчүн өлбөйм! Өлкөбүздүн саясий чөйрөсүндө аз убакыт болсом да, саясаттын чыныгы жүзүн биле алдым. Депутаттык ишмердигимде саясатчылардан көңүлүм калган учурлар болду. Саясатта бул кадимки көрүнүш", - деп айткан.

2019-жылдын соңунда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырган. Ал үчүн карьерадан ар-намыс бийик турарын билдирип, партиядан да чыгарын жарыялаган. "Текебаев менен пикир келишпестик жаралгандан улам "Ата Мекен" партиясынан чыгууга жана мандатымды тапшырууга мажбурмун. Андай пикир келишпестикти түшүмө да кирет деп ойлогон эмесмин. Мен үчүн карьерадан ар-намыс бийик турат", - деген ал.

Бүгүн болсо Исхак Масалиев оор абалга жеткирген бийликтин катарында ал дагы турарын айтып, мандатын тапшыра турганын айтты. "Бир нече жолу депутат болуп иштеп, Жогорку Кеңешке карата айтылган сын-пикирлерди мынчалык уга элекмин. Ага өзүбүздүн ишмердүүлүгүбүз себепкер", - деди ал. Масалиев парламентте, өкмөттө бардык депутаттарга бирдей мамиле болбой жатканын билдирди. "5 депутат декабрда парламентке өтүү үчүн босого чегин 5 пайызга түшүрүүнү, күрөөнүн суммасын төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун алып чыкканбыз. Бирок ал мыйзам долбоору ар кандай шылтоо менен 6 ай кармалып, эки күн мурда комитетте каралып колдоо тапкан жок", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан