Депутат: "Укук коргоо органдары кармалгандардын саны менен эмес, каражаттардын мамлекетке кайтарылган көлөмү менен мактанышы керек"

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокуратуранын отчёту каралды. Депутат Каныбек Иманалиев укук коргоо органдары кармалгандардын саны менен эмес, каражаттардын мамлекетке кайтарылган көлөмү менен мактанышы керектигин айтты.

"Мыйзамсыз кирешелерди бюджетке кайтаруу боюнча күч түзүмдөрүнүн көрсөткүчтөрүнө көңүл бурсак. Ички иштер министрлиги бюджетке 5 миллион сом, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 907 миллион сом, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 2 миллиард сом бюджетке кайтарган. Укук коргоо органдары кармалгандардын саны менен эмес, каражаттардын мамлекетке кайтарылган көлөмү менен мактанышы керек", - деди Иманалиев.

Депутат Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына улуттук коопсуздукту камсыздоо маселесине тиешелүү иш милдетин гана калтырып, калган ыйгарым укуктарын Аскер прокуратурасына жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына берүүнү сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан