Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутат Жанар Акаевдин жыштык тууралуу билдирүүсү боюнча жооп берди.
Кечээ, 20-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Жанар Акаев өкмөт башчы жыштык сатуудагы коррупцияга тиешеси жоктугун далилдеш керектигин айткан.
Өкмөт башчы депутат тарабынан такталбаган фактылар айтылганын билдирди.
"Айтылгандардын бардыгы имиш сөздөр. Менин аброюма, өкмөттүн дарегине сөздөр айтылды. Бул Жанар Акаевдин өзүнүн абийиринде, муну саясатка айландырбаш керек.
Декабрь айынын башында планды аткаруу боюнча тиешеси бар мамлекеттик органдар менен сүйлөшүп, кайсы жерде булактар бар, бюджетти аткаруу керек деген ой менен радиожыштыктар эмне болуп жатат деген суроо менен тапшырма бергем. Мурда мыйзамды аткарып, бир премьер-министр иштегенде жыштыктар сатылган. Радиожыштык бул кен байлык сыяктуу элдин байлыгы. Булардын колдонулушу кандай болуп жатат дегенде эки учур бар экен. Бирөөсү мамлекеттик баланста турат. Компанияга берилбеген жыштыктар. Экинчиси мурун 1 миң сомго берилген учурлар бар экен. Алар убактылуу пайдаланганга алынган. Бир компания убактылуу алган жыштыкты экинчи компанияга сатып жатыптыр. Мамлекет аны убактылуу пайдаланууга берген. Биз мунун туура эместигин айтып, мыйзам түрүндө чек коюшубуз керек дедик. Аукцион аркылуу ачык сатышыбыз керек деп айтканбыз. Мен өкмөт башчы катары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча агенттигине тапшырма берип, текшерүү иши жүргүзүлүп жаткан. Кийин экинчи факты ачылып жатат. Ал эми "Ала ТВ" дагы ошондой экен. 1998-жылы телеберүү жагына алынган экен. Кийин "Билайн" компаниясына сатылып жатат. Бул жерде ар кандай маалыматтар болду. Мамлекеттик кызматкерлер аралашкан бул фактылар Аскер прокуратурасында текшерилип жатат. Тергөө иши жүрүп жатат. Тергөө иштерине өкмөт башчы катары кийлигишкен болбойт.
Менин дарегиме айтылган сөздөр туура эмес. Кечээ 900 миллион доллар жөнүндө сөз кылды. Чоң компания "Мегакомду" жыштыгы менен 250 миллион долларга сата албай койгонбуз. Жыштык 900 миллион доллар болот дегенде кубандым. Бул иш боюнча сурак бергендер бар. Тергөө иши кандай стадиясына келгенин сураган жокмун. Эң башкысы өкмөт башчысы катары жыштыктын баасы аукциондо кымбат баага сатылышы керек, сатылбаса мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеши шарт. Тергөө иштери объективдүү болот. Менин күнөөм жок", - деди Абылгазиев.