Президент Сооронбай Жээнбеков судьялар тарабынан өздөрүнүн кирешелери жана чыгымдары жөнүндө толук декларациялоо боюнча ишти күчөтүү зарылдыгын айтты. Мамлекет башчысы мындай пикирин бүгүн, 21-майда Судьялар кеңешинин төрагасы Нурлан Атаназаровду кабыл алып, жолугушуу учурунда айткан. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Анда айтылгандай, өлкө башчы Атаназаровдон Судьялар кеңешинин учурдагы ишмердүүлүгү, анын ишин жана жалпы эле сот системин жакшыртуу боюнча кабыл алынган чечимдер жана белгиленген пландар жөнүндө маалымат алды.
Судьялар кеңешинин азыркы курамынын биринчи жыйынынан (2019-жылдын 18-марты) тарта 22 жыйын өткөрүлүп, 74 чечим, анын ичинде судьяларга квалификациялык класстарды ыйгаруу боюнча, судьялардын мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө, ошондой эле сотторду, судьяларды жана сот системиндеги башка органдарды материалдык-техникалык жактан камсыздоого тиешелүү болгон чечимдер кабыл алынгандыгы белгиленди.
Судьялар кеңешинин төрагасы Нурлан Атаназаров өлкөдөгү жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформалардын алкагында Судьялар кеңешинин ишмердигиндеги бир кыйла маанилүү багыттардын бири соттор менен судьялардын ишмердигине тиешелүү ченемдик жана ченемдик эмес актылардын долбоорлорун экспертизадан өткөрүү жана иштеп чыгуу болуп саналарын айтты.
Мисал катары ал судьялардын штаттык санын оптимизациялоо боюнча мыйзамдарга киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө байланыштуу Кеңеш тарабынан судьяларды которуу жөнүндө жобо иштелип чыккандыгын билдирди.
Ошондой эле ал соттук-укуктук реформанын алкагында соттук актылардын реалдуу, толук, өз маалында камсыздалышы аркылуу сотторго ишенимди жогорулатуу максатында Жогорку Соттун түзүмүнө өзгөртүүлөр киргизилип, эки өз алдынча бөлүм түзүлгөнүн баса белгиледи. Алар соттордун чечимдерин аткарууга жана анын сапатын көтөрүүгө гана жооп берген Мажбурлап аткартуу кызматы менен сотторду материалдык-техникалык жактан камсыздоого жана сот аппараттарынын кадрдык потенциалын жакшыртууга көңүл бурган Сот департаменти.
"Мамлекет башчысы судьялар коомчулугунун кызыкчылыгын жактаган орган катары Судьялар кеңешине судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн гана эмес, жалпы эле сот тутумунун ишин жакшыртуу, судьялардын кынтыксыз жүрүм-турумун, анын ичинде алардын ишмердүүлүгүндөгү ачык-айкындык талаптарын аткаруусун камсыз кылуу боюнча чоң жоопкерчилик жүктөлгөндүгүн айтты.
Сот реформасынын эң артыкчылыктуу багыттарынын бири жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатуу жана коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу экендигин кошумчалаган президент бул багытта ишти күчөтүүгө чакырды. Ошондой эле ал сот тутумун санариптештирүү боюнча ишти күчөтүү, тактап айтканда, бардык сот залындагы жана соттогу электрондук сот өндүрүшүнө аудио-видео жаздырууну толугу менен киргизүү зарылдыгын баса белгиледи.
Жолугушууда ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалга жараша сот тутумунун 2020-жылга пландаштырган бюджетин кайрадан карап чыгуу маселеси көтөрүлдү", - деп жазылат маалыматта.