Чүйдүн Сокулук районундагы блокпостто аскер кызматкерин жеңил унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 21-май күнү саат 21:00 чамасында Кара-Сакал айылындагы блокпостто болгон.
"Subaru Legacy унаасынын айдоочусу батыштан чыгышка карай бара жаткан. Аны аталган блокпостто аскер кызматкери токтоткон. Бирок анын документтери жок болгон. Мындан улам айдоочу аскер кызматкерин сүзүп, андан ары барып бакты сүзүп токтогон. Ал эми кызматкер Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Айдоочунун унаасы айып короосуна токтотулуп, өзү Сокулук РИИБине жеткирилген", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.